Биз менен байланышыңыз

Социалдык тармактарга провакациялык аудиолорду тараткан жаран аныкталды

Кыска кабар | 21 Авг 2019 | 586 | 0

Ушул жылдын 25-августунан 13-сентябрына чейин массалык башаламандык боло тургандыгы жөнүндө социалдык тармактарга билдирүү тараткан Ю.П. аттуу Кыргызстандын жараны аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Такталган маалымат боюнча, ал ар кандай ушактарга ишенип аудио кайрылуу жаздырып өзүнүн жакын туугандарына эскертүү иретинде жиберген билдирүүсү тез эле социалдык тармактарга тарап кеткен.

Профилактикалык маектин жүрүшүндө ал өзүнүн жасаган иш аракетине өкүнүп туура эмес иш кылганын мойнуна алыды. Ошондой эле өлкөбүздүн жарандарынан кечирим сурады.

Ыкчам-издөө иш-чаранын жүрүшүндө аны менен профилактикалык маек өткөрүлдү.

 

Copyright © 2017 Maral FM