Биз менен байланышыңыз

Сот Атамбаевди 26-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды

Кыска кабар | 20 Авг 2019 | 641 | 0

Биринчи май райондук соту Улуттук коопсуздук комитетиндеги көчмө жыйынында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын узартуу маселесин карап, аны 26-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Ошондой эле, Слесарев бул чечимдин толугу менен мыйзамсыз экендигин белгилеп, ага карата даттана тургандыгын кошумчалады.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарган. 16-августа Бишкек шаардык соту УКМКдагы көчмө жыйынында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын карап, аны 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

Атамбаевге учурда жалпы 14 иш боюнча айып тагылууда.

Copyright © 2017 Maral FM