Биз менен байланышыңыз

Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 24 Окт 2019 | 501 | 0

Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү, 1980-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну М.А. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, М.А. 2011-жылдан бери Кылмыш-жаза кодексинин 226-беренесинин 3-бөлүмү боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында издөөдө жүргөн.

Кармалган адам Кыргызстандын аймагында террористтик акт жасоого аракет кылган.  Маалыматка ылайык, 2011-жылдын октябрь айында УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө Ош облусунда кылмыштуу топ жок кылынган. Кармалгандар ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылышкан. Бирок топтун мүчөсү М.А. качып кетүүгө үлгүргөн.

Ушул жылдын 19-октябрында М.А. карата Ош соту тарабынан  облустук башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына 2 айга чейин камакка алуу боюнча баш коргоо чарасы каралды.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM