Биз менен байланышыңыз

УКМК Миржан Курманбек уулу боюнча тараган маалымат тууралуу билдирүү жасады

Кыска кабар | 19 Авг 2019 | 697 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина тарабынан тараган “Миржан Курманбек уулу атайын күч кызматкери тарабынан уруп согуудан каза болду” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы убактка чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги Кой-Таш
окуясында бир адам, УКМКнын атайын күч кызматынын орун басары каза болгондугун расмий билдирген. Мындан башка Кой-Таштагы окуялардан жабыркагандардын арасында каза болгондор тууралуу факты катталган эмес. 130 ашуун адам ар кандай жаракаттар менен медициналык жардам алуу үчүн кайрылышкан.

Буга байланыштуу, Ирина Карамушкинанын билдирүүсүн далилсиз маалыматтарды жайылтуу аркылуу коомчулукту алдоо катары эсептеле турганы айтылат.

Мындан сырткары УКМК жалган маалыматтарды жайылтууда мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.

Copyright © 2017 Maral FM