Биз менен байланышыңыз

Өкмөттү сындаган пост: Активист эки айга камалды

Коом | 27 Ноя 2019 | 1053 | 0

Улуттук коопсуздук комитети “А.Ж.” аттуу социалдык тармактардын активдүү колдонуучусун камакка алганын маалымдады. Ал аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча 24-ноябрда кармалып, эки айга камакка алынганы белгилүү болду. Бирок аталган фактыны сөз эркиндигин чектөө катары баалагандар да бар.

“Такталгандай, “А.Ж.” аттуу жаран жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармакта колдонуучулардын арасында жайылтып, массалык нааразычылык актыларын уюштурууга үндөгөн. Натыйжада, колдонуучулар арасында каршы ойлор жаратылып, бири-бирин жек көрүү түрүндөгү аймактар аралык касташууну пайда кылган.” Мындай маалыматты УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди. Ага ылайык, 2019-жылдын 25-ноябрында “А.Ж.” КР Кылмыш-жаза кодексинин 313- беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-п. (аймактар аралык касашууну козутуу) боюнча кылмышка шектүү катары кармалган.

Ал эми Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз катчысы Асел Равшанбекова кармалган жарандын бөгөт чарасы каралып, 2020-жылдын 24-январына чейин камакка алынганы тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

-2019-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотуна Башкы прокуратурадан өтүнүч кат келип түшкөн. Алар “Жоробеков Автандилге карата камака алуу турүндөгү бөгөт коюу чарасын тандап берүүнү, анын кармалгандыгын мыйзамдуу жана негиздүү”,- деп таап берүү жөнүндө сунуш келтиришкен. Келтирилген сунуш толук түрдө канаатандырылып, Жоробеков Автандилге карата бөгөт чарасы катары, 2020-жылдын 24-январына чейин камака алуу түрү тандалган.

Бул маалымат тараган соң, кармалган жаран фейсбуктагы “БеспределKG” баракчасынын ээси экени айтылды. Аталган жарандын баракчасындагы постторун окуп чыккан укук коргоочу Динара Ошурахунова мындан чагымчылдыкка үндөгөн же УКМК билдирген коркунучтарды байкабаганын айтат:

-Негизи, алгач чакырып профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлөт. Эгерде жаран бул эскертүүлөрдү кабыл албаса, анда башка чара колдонсо болот. Бирок ар бир жаран өзүнө маалыматты алып, аны каалагандай таратууга укугу бар. Мен атайын сөз болуп жаткан баракчага кирип көрдүм. Эч кандай адамга каршы, бирөөнүн өмүрүнө  же УКМК жазгандай коркунучтарды көрө алган жокмун. Ушундан улам, мен үчүн УКМКнын аракеттерин саясий маанайда болгондой кабыл алдым. Балким, “эгерде силер ушинтсенер, биз силерди да камайбыз” дегендей коркутуу болуп жаткандай сезилди.

“Демократиялык эркиндик боюнча ачык сын айткандарды камака алуу туура эмес.” Мындай ою менен саясат талдоочу Марат Казакбаев бөлүштү. Анын белгилегенине караганда, жабык маалымат таратып, же бир чакырыктарды таратса, анда тактап туруп чара колдонсо болорун айтат:

Ал жаран өзүнүн пикирин ачык айтып жатса, аны камака алуу туура эмес. Эгерде жабык маалымат берип, туура эмес сөздөрдү таратып жатса, анда бир жөн. Биз демократия деп жарыялап, конвенция кабыл алып, анан сын айткандарды камаганыбыз туура эмес.

Ал арада, камакка алынган Афтандил Жоробековдун бир тууганы социалдык тармак аркылуу президент Сооронбай Жээнбеков жана “Ата-Мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кайрылуу жолдоду. Өз билдирүүсүндө Чынара Темирова жарандарды тынчтык митингине чакырганы үчүн кармалган Жоробековдун сөз эркиндиги чектелип жатканын белгилеген:

-Урматтуу Жээнбеков Сооронбай Шарипович, сизден менин байкем, “БеспределKG” баракчасынын автору Жоробеков Автандилдин себеби жок УКМКнын абагына камалып калышына көңүл бурууңузду суранам! Урматтуу Текебаев Өмүрбкек Чиркешович, убагында менин байкем сиздин соттук отурумдарыңызга барып, колдоо көрсөтүп жүргөн. Эми ушундай эле жардамга биз да муктажбыз. Биз УКМКнын аракеттерин сөз эркиндигин чектөө, басмырлоо катары баалайбыз. Автандилдин оюн эркин айтууга, сөздөрүн чектөөгө аракеттер болуп жатат.

Моего брата, Жоробекова Афтандила, автора страницы БеспределKG заключили под стражу в СИЗО ГКНБ за пост "Посадочный талон Раима и Абдыкадыра. Улетели из страны ?""и предъявили обвинения по ст 313 УПК КР в совершении тяжкого преступления в возбуждении этнической, нац. и межрегиональной вражды. Мы рассматриваем это как покушение на свободу слова человека.

Опубликовано Chynara Temirova Среда, 27 ноября 2019 г.

Афтандил Жоробековдун кармалганы тууралуу маалымат социалдык тармактарда да коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурду. Көпчүлүк УКМКнын бул аракетин сөз эркиндигин чектөө катары баалашууда.

https://www.facebook.com/bespedelkg/

Copyright © 2017 Maral FM