Биз менен байланышыңыз

Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын өткөрүү боюнча комитетинин жыйыны өттү

Кыска кабар | 21 Авг 2019 | 461 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планы түзүлгөн. Пландын алкагында коомдук ишмердин өлкө тарыхындагы ролу тууралуу илимий-практикалык конференция өткөрүү, Бишкек шаарында мемориалдык такта орнотуу жана Орозбеков атындагы музейде оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү, китеп басып чыгаруу, өлкөнүн мектептеринде ушул темага арналган ачык сабактарды өткөрүү жана башка бир катар чаралар белгиленген.

Мухаммедкалый Абылгазиев тийиштүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери бардык уюштуруу маселелерин биргеликте чечүүгө жана аларды натыйжалуу аткарууга тийиштигин белгилеп, мааракени уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планын өз убагында аткарууну тапшырды.

Кошумчалай кетсек, Абдыкадыр Орозбеков – көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, 1925-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Жумушчулар, дыйкандар жана солдаттар советинин Облустук аткаруу комитетинин төрагасы болгон. 1927-жылдан 1937-жылга чейин Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын, Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы жана биринчи мамлекет башчы болгон.

Copyright © 2017 Maral FM