Биз менен байланышыңыз

Разаков укук коргоо органдарынын маалымат базасын өркүндөтүүнү тапшырды

Кыска кабар | 19 Авг 2019 | 471 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин иши боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кеңешмеде жаза аткаруу жана сот органдарынын аралаш маалымат базасын интеграциялоо маселелери көтөрүлдү. Ошону менен бирге пробация кардарларынын маалымат базасынын, сот органдарынын автоматташтырылган маалыматтык тутумунун учурдагы абалы тууралуу маалымат угулду.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин сотко чейинки өндүрүш модулун программалык камсыздоону иштеп чыгууну аяктоону жана ушул жылдын 1-октябрынан баштап анын толук кандуу ишин камсыздоону тапшырды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган тутумдарды белгиленген мөөнөттө иштеп чыгуу жана киргизүү, аларды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринине интеграциялоо тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM