Аскердик прокуратура КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаеванын батирин тинтүүгө алат. Бул тууралуу Жолдубаева өзү маалымат каражаттарына билдирди.
ИИМдин Башкы тергөө кызматы буга чейин 9-августта үйүн текшерген. Кундуз Жолдубаева милиция дагы деле ага телефонун кайтарып бере электигин айтат.
Эске салсак, Кундуз Жолдубаева 7-августта Кой-Ташта “Атамбаевди кармоо” атайын операциясы учурунда “барымтага алуу” кылмышынын негизинде күбө катары сурак берүүдө. Тергөө кызматкерлери анын телефонун тергөө иликтөө ишине байланыштуу алган.