Биз менен байланышыңыз

Калмира Билимбек кызы дүйнө чемпионатында экинчи орунду алды

Кыска кабар , Спорт | 3 Авг 2019 | 662 | 0

Кыргызстандык Калмира Билимбек кызы күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында экинчи орунду алды.

53 кило салмакта күч сынашкан Билимбек кызы финалда кытайдын балбаны кызы Чжаоцзин Шиге жеңилди.

Кыргыздын балбаны кызы Калмира кечээ жарым финалда казакстандык Алтын Шагаеваны утуп, финалга чыккан. Чейрек финалда Кальмира Беларустун кызы Алеся Хетманаваны, жарым чейрек финалда даниялык Мария Хильдегаард Вильумсенди, 1/16 финалда Азербайжандык Эльнура Маммадованы жеңген болчу.

Бул салмакта Беларустук Алеся Хетманава жана япониялык Сейра Немото коло байге тагынышты.

Болгария борбору София шаарында эркин, кыз-келиндер жана грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө биринчилиги 29-июлда балталган. Мелдеш 5-августта аяктайт.

Дүйнө чемпионатын unitedworldwrestling.org сайты түз алып көрсөтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM