Биз менен байланышыңыз

Киевдеги мелдеште Айсулуу Тыныбекова чемпион болду

Кыска кабар | 28 Фев 2021 | 1208 | 0

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Украинада өтүп жаткан спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча мелдеште алтын медаль ээси болду. 28-февралда финалдык беттешке чыгып, украиналык Илона Прокопевнюк менен күч сынашты. Жыйынтыгында, 9:7 эсеби менен жеңишке жетти.

Бүгүн дагы бир кыргыз балбаны Жоломан Шаршенбеков да финалда ирандык Алиреза Нежати менен күрөшүп, 5:1ге жеңилип, күмүш байгеге ээ болду.

Ал эми Амантур Исмаилов болсо, коло медаль үчүн өзбек балбаны Махмуд Бахшиллоев менен күрөшүп, утуп алды.

Кечээ күнү болгон финалдык беттеште кыргыз курамасы 8 медалга ээ болгон болчу.

Copyright © 2017 Maral FM