Биз менен байланышыңыз

Күрөш. U23 дүйнө чемпионаты: Назира Марсбек кызы алгачкы атаандашын 10:0 менен жеңди

Кыска кабар , Спорт | 30 Окт 2019 | 557 | 0

Кыргызстандык балбан Назира Марсбек кызы U23 дүйнө чемпионатынын квалификациялык этабындагы алгачкы беттешин утуп, 1/8 финалга чыкты. Эми кийинки баскычта украиналык Анхелина Лысак менен чыгат.

59 кг. салмакта күрөшүп жаткан Назира баштапкы этапта италиялык Морена де Вита’ны 10:0 эсебинде утуп алды.

Эске сала кетсек, ушул жылдын август айында Эстониянын Таллин шаарында жаштар арасында дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөштө Назира азыркы атаандашы Морена де Вита’га упай айырмасында утулуп калган болчу.

Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча U23 дүйнө чемпионаты Венгриянын баш калаасы Будапешт шаарында өтүп жатат. Мелдештин кыздар күрөшү бүгүн, 30-октябрда башталды.

Бул мелдешке Кыргызстандын кыздар курамасынан үч салмакта балбандар катышып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM