Биз менен байланышыңыз

Кадамжай РИИБне алгачкы жолу милициянын көчмө кабылдама унаасы берилди

Кыска кабар | 30 Июл 2019 | 632 | 0

Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө, ЕККУнун колдоосунун негизинде пилоттук түрдө киргизилген милициянын көчмө кабылдама үчүн “Тойота-Hiace” үлгүсүндөгү унаа тапшырды. Бул тууралуу Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

Көчмө кабылдаманын милдети милицияны эл менен жакындатуу жана район, шаардын алыскы аймактарына атайын түзүлгөн графиктин негизинде үзгүлтүксүз алыскы айыл жерлерине чыгуу менен элдердин арыздарын, сунуштарын кабыл алуу болуп саналат.

Бүгүнкү күндө Баткен облусунда Баткен, Лейлек райондорунда, Кызыл-Кыя шаарында милициясынын көчмө кабылдамасы толук кандуу иштейт. Алар 6 ай аралыгында 83 жолу алыскы айыл-кыштактарга чыгып, жалпысынан 301 атуулду кабыл алышкан. Анын ичинен 86 атуул ар кандай мазмундагы арыз-даттануу менен кайрылган. 

Copyright © 2017 Maral FM