Биз менен байланышыңыз

ЕККУ Кыргызстанга уулуу заттардан арылууга жардам көрсөттү

Кыска кабар | 2 Ноя 2021 | 221 | 0

Бүгүн, 2-ноябрда Чүй облусунун Новопавловка айылындагы мөөнөтү өтүп кеткен 140 тонна меланж ракеталык күйүүчү заты Кыргызстандын аймагынан чыгарылды. Бул тууралуу Евразия Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги кеңсесинин «Фейсбук» баракчасына жарыяланды.

Ракеталык күйүүчү запастарын ликвидациялоо процесси тиешелүү техникалык мүмкүнчүлүктөрдү жана каржылоону талап кылат. Ал үчүн 2019-жылы Кыргызстандын Өкмөтү ЕККУдан ракеталык күйүүчү запастарын ликвидациялоого көмөк көрсөтүүнү суранган.

Жарым миллион еврону түзгөн бул долбоор ЕККУ жана Коргоо министрлиги менен биргеликте, Германия менен АКШ өкмөттөрүнүн каржылык колдоосу астында ишке ашырылып жатат.

Бүгүн ракеталык күйүүчү компоненттин акыркы партиясы Коргоо министрлигинин Новопавловка айылындагы кампасынан темир жол станциясына жеткирилип, андан ары Орусиянын Алтай аймагынын Бийск шаарында жайгашкан күйүүчү затты кайра иштете турган жайга жеткирилет.

Copyright © 2017 Maral FM