Биз менен байланышыңыз

ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси ИИМге жабдыктарды тапшырды

Кыска кабар | 9 Сен 2021 | 300 | 0

Бүгүн, 9-сентябрда Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги программалык кеңсеси Ички иштер министрлигине жабдууларды жана жеке коргонуучу каражаттарды тапшырды.

ИИМдин Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Нурбек Жангабылов ЕККУга тапшырылган жабдуулар жана коргонуучу каражаттар үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Константин Бедарёв Ички иштер министрлигине колдоо көрсөтүп жаткандарына кубанычта экенин билдирип, биргелешкен иштер өнүгө турганын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM