Биз менен байланышыңыз

ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси коргоочу жабдууларга 100 миң доллар бөлөт

Кыска кабар | 11 Апр 2020 | 516 | 0

ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси COVID-19 инфекциясынын жайылышына каршы жана коргоо иш-аракеттерин жүргүзүү максатында, алдынкы орунда иштеген мамлекеттик кызматчыларга жана ыктыярчыларга коргоочу жабдууларды сатып алууга 100 миң доллар бөлүп берет. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Коргоочу жабдуулар өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: бир жолку медициналык комбинезондор, N95 респиратордук беткаптар, мээлей, коргоочу көз айнектер, термометрлер жана башка биринчи зарыл болгон каражаттар.

Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси кризистин таасирин минималдаштыруу жана азыркы абалдан чыгуу жолун тездетүү үчүн Өкмөткө адаптациялык колдоо көрсөтүүнү улантат.

Copyright © 2017 Maral FM