Биз менен байланышыңыз

ТИМ башчысы ЕККУ институттарынын башчылары менен жолугушту

Кыска кабар | 8 Дек 2019 | 464 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков ЕККУнун институттарынын башчылары: ЕККУнун Башкы катчысы Томас Гремингер, ЕККУнун улуттук азчылыктар иштери боюнча Жогорку Комиссары Ламберто Заньер жана Массалык маалымат каражаттары эркиндиги маселелери боюнча ЕККУнун Өкүлү Арлем Дезир менен өз-өзүнчө эки тараптуу жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат департаменти билдирди.

Өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиялык документтерин жүзөгө ашыруунун алкагында приоритеттүү милдеттерди ишке ашырууда ЕККУ Кыргыз Өкмөтүнө колдоо көрсөтүүнү улантарына уюмдун институттарынын башчылары ишендирди.

Министр тарабынан ЕККУнун Кыргызстандагы долбоордук ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн өркүндөтүү боюнча сунуштар айтылды жана кызматташтыктын келечектүү багыттары белгиленди.

Тараптар ММК эркиндигине, улуттук азчылыктарга байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM