Биз менен байланышыңыз

ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси ИИМге алты унаа берди

Кыска кабар | 16 Апр 2021 | 1033 | 0

Бүгүн, 16-апрель күнү Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Пьер фон Аркс жолукту.

Жолугушууда ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Ички иштер министрлигине милициянын көчмө кабылдамасы үчүн 6 автоунаа тапшырды.

Унаалар Ысык-Көл облусунун Тоң, Нарын облусунун Ак-Талаа, Чүй облусунун Москва, Кемин, Жалал-Абад облусунун Чаткал, Аксы райондук ички иштер бөлүмдөрүнө берилди.

2011-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Ички иштер министрлигине ЕККУ тарабынан 39-милициянын көчмө кабылдама унаасы тапшырылган.

Copyright © 2017 Maral FM