Биз менен байланышыңыз

ЕККУ бийликти “Апрель” телеканалынын мүлкүн камактан чыгарууга чакырат

Кыска кабар | 15 Авг 2019 | 705 | 0

Европа Коопсуздук жана Кызматыштык уюмунун (ЕККУ) Жалпыга маалыдоо каражаттары (ЖМК) боюнча өкүлү Арлем Дезир Кыргызстандын бийлигин “Апрель” телеканалынын мүлкүн камактан чыгарууга чакырат.

Бул тууралуу ЕККУнун маалымат кызматы кабарлады.

Арлем Дезир телеканалдын мүлктөрү камакка алынып, иши токтотулганына тынчсызданганын билдирет. Ал камакка алуу чечими өзгөчө жагдайда кабыл алынганын, деген менен бийликти аны кайра карап чыгууга чакырат.

Дезирдин айтымында, кыйын учурда да ЖМКнын эркин жана ар тараптуулугун сактоо керек. ЕККУнун өкүлү мындан сырткары саясий темаларды чагылдырган журналисттердин коопсуздугуна кам көрүү зарылдыгын эске салды.

Эске сала кетсек, “Апрель” телеканалына “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин камактан чыгарылышындагы коррупциялык иштерге шектелип камакка алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тиешелүү мүлкү катары камакка алынган.

“Апрель” каналынын юристтери ИИМдин тергөө тобунун аракетине  жана Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясына карата Башкы прокуратурагы азыр менен кайрылды.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги “Апрель” телеканалынын теле берүү боюнча лицензиясын албай турганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM