Биз менен байланышыңыз

Баткенде чек ара чырына айыпталган тургундардын соту уланууда

Кыска кабар | 17 Фев 2020 | 955 | 0

Баткендин Көк-Таш айылында “ээнбаштык жасады” деп милиция камакка алган Зайнидин Бердиев менен Нурбек Сапарбаевдин ишин облустук сот карап жатат.

Учурда жүздөгөн көкташтыктар соттун имаратынын жанына келип, айыпталуучуларды колдоп, алардын чыгарылышын талап кылып жатышат. Бул тууралуу айыл тургуну Абдумиталип Кумарбаев “Маралга” билдирди.

Сот болуп жатат. Биз 150дөй айыл тургундары, айыпталуучулардын туугандары алардын бошотулушун талап кылып келдик. Булар бошотулушу керек”, — деди айыл тургуну.

Сот жабык каралып жатат. Азырынча чечимдер кабыл алынганы тууралуу расмий айтыла элек.

Copyright © 2017 Maral FM