Биз менен байланышыңыз

Акрам Мадумаров ок атышуу болгон аймакка барат

Кыска кабар | 9 мая 2020 | 1408 | 0

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен өлкө жетекчилигинин тапшырмасы боюнча Баткен облусуна кетти. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Мадумаров күч органдарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусунда кечээ кыргыз-тажик чегинде болуп өткөн ок атышууга  байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрөт.

Вице-премьер-министр ошондой эле, окуядан жаракат алып, ооруканада жаткан аскер кызматчыларынын абалынан кабар алат.

Акрам Мадумаров Жогорку Кеңештин жыйынында Тажикстан менен чек ара бекем экенин, зарылчылык болсо, дагы кошумча күчтөрдү тартууга мүмкүнчүлүк бар экенин айткан.

Кечээ, 8-майда кечке жуук Көк-Таш айылынын Чек участкасында жергиликтүү тургундар менен кошуна Тажикстандын айыл тургундарынын ортосунда чыр чыгып, таш урушкан.

Эки тараптын чек арачылары чырды басуу үчүн эскертүү иретинде асманга ок атышып, жаңжалды басаңдатышкан. Кийинчерээ тажик чек арачылары күтүүсүздөн кыргызстандыктарды көздөй автомат, миномёттон ок жаадырышкан.

Андан кыргызстандын 3 чек ара аскери жана  жергиликтүү бир тургун жаракат алышкан.

Чатактан тажик тараптан эки адам жараат алганын Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин маалымат кызматы кабарлаган.

Copyright © 2017 Maral FM