Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атышуу болуп жатат (видео)

Кыска кабар | 8 мая 2020 | 8516 | 0

Баткен районунун чек арадагы Көк-Таш айылында ушу тапта тажик-кыргыз чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болду. Алдын ала маалымат боюнча кыргыздын 3 аскерине ок тийип, жаракат алганы кабарланууда.

Бул тууралуу атын айткысы келбеген айылдык жергиликтүү кеңештин депутаты “Маралга» билдирип, окуя тууралуу видео жиберди.

Окуя жер талаштан чыкканы айтылууда. Учурда эки тараптын чек ара кызматынын тийиштүү кызматкерлери окуянын чоо-жайын териштирип жатышканы айтылат.

Чек ара кызматы окуя тууралуу расмий маалымат бере элек.

Copyright © 2017 Maral FM