Биз менен байланышыңыз

Досбол Нур уулу: Коргоо министрлигин түзүү — туура кадам

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Фев 2021 | 1094 | 0

Коргоо министрлигин кайрадан түзүү — туура кадам. Мындай пикирин мурдагы Мамлекеттик катчы, мамлекеттик жана коомдук ишмер Досбол Нур уулу «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан чакан өлкө, ошондуктан эки органды бириктирип, Коргоо министрлигин түзүү туура. Анткени бюрократия азаят жана өлкө сырткы коркунучтардан корголот. Айрыкча чек ара маселеси опурталдуу болуп турат.

Жаңы өкмөт биринчи кезекте, коронавирус илдетинин алдын алып, калкты сакташы керек. Экинчиден, жазгы талаа иштерине көңүл бурушу зарыл. Мындан сырткары энергетика сыяктуу күндөлүк маселелер арбын.

Досбол Нур уулунун пикиринде, жаңы аткаруу бийлигинин деңгээли 100 күндө билинет.

Президент Садыр Жапаровдун тийиштүү Жарлыгына ылайык, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жана Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын базасында Коргоо министрлиги түзүлөт.

Кыргызстанда Коргоо министрлиги кайрадан түзүлөт

Copyright © 2017 Maral FM