Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Коргоо министрлиги кайрадан түзүлөт

Кыска кабар | 1 Фев 2021 | 723 | 0

Президент Садыр Жапаров «Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жана Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын базасында Коргоо министрлиги түзүлөт.

2014-жылы Куралдуу Күчтөрдү реформалоонун алкагында Коргоо министрлиги жоюлуп, Башкы штаб Куралдуу Күчтөрдү башкаруу боюнча бирдиктүү орган катары түзүлгөн. Коргоо министрлигинин базасында Мамлекеттик коргоо комитети негизделген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM