Бишкек-Ош унаа жолунун 374-чакырымында, Кара-Көл шаарында 28-июлунда саат 16:38 чамасында “Хонда Стэп” жана “Хонда Аккорд” үлгүсүндөгү унаалары сүзүшүп, натыйжасында 4 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин куткаруучулары барып, жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Учурда жабыркагандардын аты-жөнү такталууда.