Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош жолу: Жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, төртөө ооруканага жеткирилди

Кыска кабар | 22 Ноя 2019 | 584 | 0

Бишкек – Ош унаа жолунда кырсык катталып, бир адам каза болуп, төртөө ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Кечээ кан жолдун 191-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) «Мерседес Спринтер» кичи автобусу жүрүп баратып жол четинде токтоп турган оор жүк ташуучу унаага келип урунган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 6 куткаруучу кырсык болгон жерге келип, мерт кеткен жаранды чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жаракат алгандар жолоочу унаалар менен Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.

Copyright © 2017 Maral FM