Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош жолунда жол кырсыганан 7 адам каза болуп, 6 адам жабыркады

Кыска кабар | 4 Мар 2020 | 1207 | 0

Жалал- Абад облусунун Ноокен районунун аймагында бүгүн, 4-март күнү болжол менен түнкү саат 01:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 493-чакырымында (Бүргөндү айылы) “Мерседес-Вито” жана “Хонда-Жаз” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыктын кесепетинен жалпы 7 адам каза болуп, 6 адам жабыркаганЖабыркаган жарандар Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканага жеткирилген. Ал эми каза болгон адамдардын жансыз денелери Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 4 куткаруучу, тез жардам жана ИИМ кызматкерлери тартылып, куткаруучулар жабыркаган жарандарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына, каза болгон жарандардын жансыз денелерин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Copyright © 2017 Maral FM