Биз менен байланышыңыз

ӨКМ эскертет: Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыска кабар | 16 Фев 2020 | 473 | 0
Автор: Зефер Динжер

Кыргызстандын аймагында 16-17-февралда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Бишкек—Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке—Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымында, Ала-Бука—Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка—Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90-чакырымында кар түшүшү мүмкүн.

Жолдордун айрым тилкелери тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык чектелиши зарыл.

Бүгүн, 16-февралда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында кар, жаан жаайт. Ал эми Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын туман капташы мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM