Биз менен байланышыңыз

Трамп: Ак үйдө аз болушума Обама күнөөлүү

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июл 2019 | 746 | 0

АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдө көп болбогондугунун себебин кондиционердин начар иштеши менен түшүндүрдү. Ага АКШнын мурунку президенти Барак Обама күнөөлүү экендигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Анын айтымында, Обаманын учурунда орнотулган кондиционер жакшы иштебейт.

«Обаманын админстрациясы Ак үйгө кондиционердин жаңы системасын орноткондон бери начар иштейт. Ага чейин жакшы болчу. Азыр болсо бул жак же суук, же ысык болуп кетет»,- деди Трамп журналисттерге.

Ошол себептен улам Ак үйдө болбой көбүнчө Нью-Джерси штатындагы резиденциясына кетип каларын айткан. Ошондой эле «эс алуу үчүн эмес, жумуш кылуу үчүн» экендигин белгилеп өттү.

Copyright © 2017 Maral FM