Биз менен байланышыңыз

Трамп менен Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Июл 2019 | 64 | 0

Украина президенти Владимир Зеленский АКШ лидери Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Украина президентинин расмий сайты жазды.

Маек учурунда АКШ президенти Зеленскийди анын «Эл кызматчысы» партиясынын 21-июлда өткөн парламенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Трамптын ою боюнча, Украинанын жаңыланган өкмөтү өлкөнүн имиджин бат эле көтөрөт. Ошондой эле, сүйлөшүү учурунда Зеленскийдин АКШга расмий сапары тууралуу талкууланды.

Эске салсак, 21-июлда Украинада парламенттик шайлоо өтүп, анда Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясы 43,16 % добуш менен биринчи орунду ээлеген.

Copyright © 2017 Maral FM