Биз менен байланышыңыз

Пуэрто-Риконун губернатору «Телеграммдагы» катынын айынан кызматын тапшырды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июл 2019 | 519 | 0

Пуэрто-Риконун губернатору Рикардо Россело 2-августта отставкага кетерин жарыялады. Буга анын  «Телеграм» мессенжеринен жардамчылары менен кат алышуусу 13-июлда ачыкка чыгып кетип, анын айынан дээрлик эки жумадан бери өлкөдө жүрүп жаткан нааразылык акциялары себеп болгон.

Журналисттик иликтөө борбору тарабынан жалпы 900 барактан турган кат алышуу жарыяланган. Анда журналисттерди, саясатчыларды, белгилүү активисттерди шылдыңдап, мазактаган мазмундагы жазышуулар орун алган. Бул кабар коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, губернатордун кызматтан кетүүсүн талап кылган митинг жүргөн. Жумалап созулган нааразылык акциясына жалпы 3,5 миллиондон ашык эл катышкан.

«The New York Times» басылмасы белгилегендей, кат алышуу жөн гана шылтоо. Нааразычылыктын негизги себеби: өлкөдөгү экономикалык оор кырдаал жана жемкордук маселеси.

Copyright © 2017 Maral FM