Биз менен байланышыңыз

«Ири айыл өкмөттөрдү бириктирүү керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Мар 2019 | 729 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов “Марал” радиосуна берген маегинде аким менен өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү туура эмес иштерди жасап жатканын билдирди.

Анын айтымында, аким менен губернаторлор элдин оокатына терс таасир берип, душман болуп жатышат. Андыктан бул эки кызматты жоюп салуу зарыл.

«Ири айыл өкмөттөрдү бириктирип, алардын жетекчилерин эл өкүлдөрү шайлашы керек. Чек ара маселелерине өкмөт жооп бериши керек. Бул маселе аким менен губернаторлордун деңгээлинде чечилбейт. Алсак, Баткендеги чек ара маселеси боюнча жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн колунан эч нерсе келбей, чыр күчөп кетпесин деп жатышат. Жылма миграциянын айынан тажик бери көздөй көчүп келе жатат. Чек арага жакын жашаган жарандарга каралган жеңилдиктер жетиштүү эмес. Мындан улам эл башка жакка көчүп кетүүдө. Бул көгөйдү чечүү үчүн чек арага жакын аймакта тийиштүү инфраструктураларды,  жумуш орундарын түзүү зарыл. Тилекке каршы бүгүн мамлекеттин мындай шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүгү болбой жатат», — дейт Сулайманов.

Эл өкүлү буга кошумча, өкмөт өз алдынча иштеп кете албай, сөзсүз түрдө парламентти, президентти кылчайып карап жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM