Биз менен байланышыңыз

«КТ Мобайлдын» директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу кызматынан кетти

Кыска кабар | 16 мая 2019 | 455 | 0

Жаңыдан түзүлгөн «КТ Мобайл» ишканасынын директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

«Эрназар Иманкадыр уулу «КТ Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коомунун кызматкери болуп саналбайт. Ал 15-майдан тарта өз каалоосу менен жумуштан кетүү арызын жазган. Буга байланыштуу, мындан ары ал бул мекеменин кызматкери эмес», — деп айтылат маалыматта.

Премьер-министрдин маалымат катчысы Адилет Султаналиев Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев тууганы мамлекеттик компанияда жетекчилик кызматта экенин билген эместигин, Эрназар Иманкадыр уулу кызматынан кетиши керектигин кечээ Faсebook баракчасына жазган болчу.

Буга чейин интернетке «КТ Мобайлдын» жетекчилеринин айлык маяналары 300 миң сом деген маалымат тараган. Жогорку Кеңеште бул боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM