Биз менен байланышыңыз

«КТ Мобайлды» иликтеген депутаттык комиссия отурумга чогулат

Кыска кабар | 31 мая 2019 | 418 | 0

«КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия бүгүн отурумга чогулат. Мындай маалыматты депутаттык топтун мүчөлөрү кабарлашты.

Комиссиянын буга чейинки биринчи отурумунда «Альфа Телеком» компаниясынын директору Акылбек Жамангуловго «Ачык Өкмөт» долбоорунун мурдагы жетекчиси Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуулар болуп жатканы айтылган болчу. Премьер-министрдин бажасы Рысалиев көп өтпөй кызматтан кеткен.

Жогорку Кеӊештин 15-майда өткөн жыйынында бир катар депутаттар «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүүнү демилгелеген. Ошондон улам, КСДП жана «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракцияларынын чечимдеринин негизинде депутаттык комиссия түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM