Биз менен байланышыңыз

Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамы өзгөрдү

Кыска кабар | 29 Ноя 2019 | 868 | 0

Түркияда өлтүрүлгөн кытай ишкери Айеркен Саймаитинин айланасында болгон окуяларды иликтөө максатында түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын курамы өзгөрдү.

Анын курамынан чыгып кеткен КСДП фракциясынын өкүлү Искендер Матраимовдун ордуна Автандил Кулбараков, «Бир Бол» фракциясынын өкүлү Алтынбек Сулаймановдун ордуна Жаныбек Бакчиев кошулду. Бул тууралуу токтом кабыл алынганын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Ошентип, депутаттык комиссиянын курамы төмөнкүдөй болуп калды: КСДП фракциясынан – Өмүрбек Бакиров, Сайдолимжон Джураев, Аалы Карашев, Абтандил Кулбараков, «Республика — Ата Журт» фракциясынан – Мирлан Жеенчороев, Талант Мамытов, Закир Шарапов, «Кыргызстан» фракциясынан – Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешов, «Бир Бол» фракциясынан – Жаныбек Бакчиев, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан – Тынчтык Шайназаров, «Ата Мекен» фракциясынан – Алмамбет Шыкмаматов.

10-ноябрда Айеркен Саймаити Стамбулда атылып өлтүрүлгөн. Ал Кыргызстандын Бажысынан мыйзамсыз чыгарылган каражаттар боюнча журналисттик иликтөөдө аты айтылып, бул ишке катышы бар тараптарды айткан болчу.


Парламент Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түздү


21-ноябрда депутат Алтынбек Сулаймановдун сунушу менен Жогорку Кеӊеш Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM