Биз менен байланышыңыз

Канададагы массалык адам өлтүрүүнүн себеби белгилүү болду

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Апр 2020 | 621 | 0

Канаданын тарыхындагы массалык адам өлтүрүү катталды. Бул тууралуу Reuters агенттиги канадалык полициянын өкүлүнө шилтеме кылып жазып чыкты.

Жаңы Шотландияда 51 жаштагы Габриэль Вортман көңүлдөш аялы андан качып кеткенден кийин адамдын оюна келбеген окуяны баштаган. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, Габриэль Вортман аялды байлап салган. Аял болсо байлоону чечип, качып кеткенге үлгүргөн. Ушул себептен өзүнөн чыгып кеткен адам туш келди адамдарга ок чыгарып баштаган. Вортман жалпы жонунан Портапикте 13 адамды атып өлтүргөн. Полиция кийимин кийип алган Вортман андан сырткары дагы тогуз адамды атып өлтүргөн. Ошол эле күнү таңкы эс алууга чыккан бейкүнөө аялга да ок чыгарганга үлгүргөн. Вортман баш-аягы 23 адамдын канына забын кылган. Учурда жабырлануучу аял өзүнө келип, көрсөтмө бере баштады.

Copyright © 2017 Maral FM