Connect with us

Трюдонун жубайы да коронавируска кабылды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Мар 2020 | 821 | 0

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдонун жубайы коронавируска кабылды. Бул тууралуу өкмөт башчынын пресс-катчысы Кэмерон Ахмад маалымдады.

Ал эми Трюдонун өзүнөн вирус аныкталган эмес, абалы жакшы. Ошентсе да, шартка ылайык, ал 14 күн карантинде болмокчу.

Ошондой эле, Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу штабында иштеген  кызматкердин да коронавирс жугузуп алганы белгилүү болду. Буга чейин Италиянын чемпиону «Ювентус» клубунун коргоочусу Даниэле Руганинин COVID-19 коронавирусуна чалдыкканы айтылган. Андан сырткары, америкалык актер Том Хэнкс жана анын жубайынан да өпкөнү сезгенткен вирус түрү аныкталып, карантинге алынган.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялады. Учурда 120дай мамлекетте коронавирус катталган.


Кытайдан башка өлкөлөрдө 55 миңдей адам коронавирус илдетин жуктуруп алышкан


Copyright © 2017 Maral FM