Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө вирустан каза болгондордун саны 300 миңден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 15 мая 2020 | 659 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 14-майга карата маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 4,248 миллион кишиге жетип, алардын ичинен 294 миң адам көз жумган. Жонс Хопкинс университетинин учурдагы маалыматы боюнча, дүйнөдө 4,443 миллиондон ашык адам илдетке чалдыгып, 302 миңден ашык адам көз жумган.

Аталган университтин маалыматы боюнча, коронавирус жуктурган учурлардын саны боюнча АКШ лидер болуп, ал жерде инфекция жуккан адамдардын саны 1,4 миллиондон ашты. Экинчи орунда Орусия (252 миң), үчүнчүдө Улуу Британия — (234,4 миң), төртүнчү Испания —  (229,5 миң), бешинчи Италия —  (223 миң).

Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 300 миңден ашты. АКШда эле 85,9 миң адам көз жумган. Улуу Британияда 33,6 миң адам каза болсо, ал эми Италия — 31,3 миң адам көз жумган.

Коронавирус жайылып башталгандан кийин 10-апрелде каза болгондордун саны 100 миң адамдан ашкан болчу.

25-апрелде коронавирустан курман болгондордун саны 200 миңден ашты. Андан 19 күн өткөндөн кийин дагы 100 миң адам өлгөн.

Жакында эле Беларуссияда коронавирустук инфекция жайылып кеткендигин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Елена Богдан билдирди.

Европа өлкөлөрү ушул күздө коронавирус эпидемиясынын жаңы толкунуна туш болушу мүмкүн экендигин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа бюросунун башчысы Ханс Клуге билдирди. Анын айтымында, чектөөлөрдү алып салуу шашылыш чечим болушу мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM