Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк Саймаити боюнча органдарга 8 жыл мурун билдирген

Саясат , Экономика | 21 Янв 2020 | 1075 | 0

Акча которуулар боюнча шек жаралып, 2012-2018-жылдары Улуттук банк текшерүүгө жиберген 16 каттын 14үндө ишкери Айеркен Саймаити жана “Абдыраз” фирмасынын аты аталган. Бул тууралуу Кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын отурумунда айтылды. Анда Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев комиссия мүчөлөрүнө маалымат беришти.

Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаевтин билдиргенине караганда, аталган кызмат акча которуулар боюнча өз маалыматтарына таянып, чалгындоонун негизинде 2014-жылы ИИМге жана 2016-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына Аеркен Саймаити жана “Абдыраз” фирмасы которгон акчалар боюнча материалдарды жиберишкен. Бирок ИИМден жооп келген эмес, ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы ошол кезде кылмыш ишин козгоодон баш тартканы белгилүү болду. Анарбаевтин кошумчалаганына караганда, 2019-жылы журналисттик иликтөөдөн кийин маселе кайра иликтенген.

— 2019-жылы “Азаттыктын”  изилдөөсүнөн кийин премьер-министр жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан маселени иликтөө боюнча кат келип, иш кайра изилденди. Учурда Айеркен Саймаитиге 2 млрд 602 млн сом, “Абдыразга” 3 млрд 810 млн сом мамлекетке кошумча салык төлөсүн деп жатат. Бул кылмыш иш боюнча 2019-жылы 24-декабрда материалды толуктап, УКМКга өткөрүп бергенбиз.

Ошондой эле, Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы депутат Абтандил Кулбараковдун суроосуна жооп берип жатып, журналистик иликтөөдө сыртка чыгарылып кетти делген 700 млн доллар мамлекеттин акчасы эмес, ишкерлерге тиешелүү товардын акчасы болгонун белгиледи.

Ал эми салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевдин берген маалыматына караганда, “Абдыраз” фирмасы 2011-жылы каттоодон өткөндөн кийинки 3 жыл ичинде болгону 18 700сом салык төлөгөн. Салык кызматы 2019-жылы иш козголгондон кийин гана салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укук алган. Текшерүүнүн жыйынтыгында салыктан жаап жашыруу фактысы аныкталган  жана бул иш учурда тергөөдө.

Эл өкүлдөрүндө эмне үчүн ошол учурда иш козголгон эмес деген суроо  жаралды. Бул боюнча Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевдин жообу төмөнкүчө болду:

-Эмне үчүн салык кызматы мурда бул маселелерди караган жок? “Абдыраз” фирмасынын реквизитин айта алам, 2015-жылдын 13-октябрында Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөн. Баткен облусу, Кадамжай району, Халмион айылында катталган. Катардагы фирмалардай эле салыгын төлөгөн. Ар бир салык төлөөчү салык мыйзамы боюнча банктык реквизиттери жөнүндө маалымат бериши керек. Бирок, “Абдыраз” фирмасы банктык эсептери боюнча, салык кызматына декларация тапшырган эмес. Ал боюнча салык кызматында маалымат болгон эмес.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Айеркен Саймаити жана “Абдыраз” фирмасынын акча которууларына шек жаралып, ага байланыштуу 2012-жылдан 2018-жылга чейин тиешелүү органдарга, текшерүүгө 14 кат жиберилгенин маалымдады:

-Айеркен Саймаити, “Абдыраз” фирмасы жана башка коммерциялык банктар аркылуу иш жүргүзгөн Кытай жарандары боюнча Улуттук банк иликтөө жүргүзгөн. Жыйынтыгында белгилүү болгон маалыматтар УКМКга жана Мамлекеттик Финансылык чалгындоо кызматына жөнөтүлгөн. 2014-жылы Финансылык чалгындоо кызматына жөнөтүлгөн маалымкаттардын бирине жооп катары, Айеркен Саймаитинин ишмердүүлүгүнө карата финансылык иликтөө жүргүзүлгөндүгү жана материалдар ИИМге өткөрүлгөндүгү тууралуу маалымат келген. Кытай жарандары боюнча 2012-2018-жылдар аралыгында 16 кат Мамлекеттик Финансылык чалгындоо кызматына, 2 кат УКМКга жөнөтүлгөн. Бул каттардын 14үндө ишкер Айеркен Саймаити жана “Абдыраз” фирмасынын аты аталган.

Абдыгулов буга кошумча журналисттик иликтөөдө айтылган банктык опперациялар жөнүндөгү документтердин көчүрмөсүн алуу боюнча кат менен “Азаттыкка” кайрылганын айтты. Анын белгилешинче, буга эч кандай жооп болгон эмес.

Комиссиянын төрагасы Талантбек Мамытов Саймаити эмне үчүн  Өзбекстандан чыккан накталай акчаны Кыргызстан аркылуу башка мамлекеттерге которгонун тактады. Улуттук банктын төрагасы муну Өзбекстанда сыртка ири суммада акча которуу мамлекет тарабынан катуу көзөмөлгө  алынары менен түшүндүрдү. Ал эми Кыргызстанда валюталык көзөмөл жок  жана ал учурда эч кандай чектөөлөр болгон эмес.

Copyright © 2017 Maral FM