Биз менен байланышыңыз

Ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмү менен Саймаитинин байланышы жок

Кыска кабар | 4 Дек 2019 | 790 | 0

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы “Мадина” кафесинин ээси Хуфур Абдурахемандын өлүмү боюнча алгачкы маалыматтарды ачыкка чыгарды. Анда ишкердин өлүмү менен Саймаитинин байланышы жок экени айтылат.

Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Сыргак Айткурманов билдирди.

Хуфур Абдурахемандын өлтүрүлүшү боюнча тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү 7 адам кармалган.

Учурда тергөө иш чаралары жүрүп жатат. Маалыматтар тергөөнүн жана иликтөөнүн ченемине жараша берилет. Тергөө толук бүткөндө толук маалымат берилет, — деди Сыргак Айткурманов.

Тергөөдө 8 адам тергөөорганына алынып келинип, алардын жетөөсү бул кылмышка тиешеси бар деп аныкталган. Сот аларды 2 айга камакка алган. Учурда бардык тиешелүү тергөө иш чаралары жүргүзүлүп жатат.

Сыргак Айткурманов тергөөдө Хуфур Абдурахеман жана Айеркен Саимаитинин өлүмдөрүндө эч кандай байланыш жок экенин билдирди.

Хуфур Абдурахеман 4-октябрда дайынсыз жоголгон. Кийинчерээк анын жерге көмүлгөн жансыз денеси Нанын облусунда табылган.

Айеркен Саимаити 10-ноябрда Стамбулда атылып өлтүрүлгөн. Буга шектүү катары 4 адам кармалган. Шектүүлөрдүн арасында кыргызстандыктар бар экени айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM