Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура Саймаитинин өлүмүнө шектүүлөрдүн атын атады

Кыска кабар | 29 Ноя 2019 | 4652 | 0

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Түркиянын Башкы прокурору М.Акаржой менен 25-ноябрдагы телефондук сүйлөшүүлөрдүн негизинде бүгүн, 29-ноябрда Түркияда атылып өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча иликтөөнүн соңку аралыктагы маалыматы менен бөлүштү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Түркиянын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча Саймаитинин өлүмүнө шектелип 4 жаран кармалган:

1. Хусейин Ахметалиев, 18.11.1991-жылы Ошто төрөлгөн, Кыргызстандын жараны;

2. Нормахамат Арипхонов, 11.06.1988-жылы төрөлгөн, Кыргызстандын жараны;

3. Али Исбех, 01.01.1993-жылы Идлип шаарында төрөлгөн, Сириянын жараны;

4. Абдуллах Энвер, 01.01.1994-жылы Алеппо шаарында жашайт, Өзбекстанда төрөлгөн.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр Түркиянын чек арасынан расмий кирбегендиктен, алардын өздүгүн тактоо иш-аракеттери алынган маалыматтарга ылайык, такталган эмес. Өздүгүн тактоо алардын өздөрүнүн айтуусу боюнча жүргүзүлгөн.

Ошол эле учурда, алардын өздүгүн тактоо үчүн, манжа издери жана сүрөттөрү алынып, алардын үстүнөн изилдөө жүргүзүлүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM