Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Кой-Таш окуясы боюнча шектүү 14 жаранга байланыштуу тергөө аяктады

Кыска кабар | 11 Янв 2020 | 867 | 1

2019-жылдын 7-8 августундагы Кой-Таштагы окуялар боюнча кылмышка шектүү 14 жаранга байланыштуу тергөө иштери аяктады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан 7-8 августундагы окуялар боюнча тергелип жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин өлтүрүүгө аракет кылуу, массалык баш-аламандык уюштуруу, барымтага алуу фактылары боюнча 14 кишиге шектүү катары маалымат кат берилип, тергөө амалдарынын аяктаганы тууралуу билдирилди жана кылмыш ишинин материалдары менен тааныштыруу иш-чаралары башталды.

Ал эми калган кылмышка шектүүлөр боюнча материалдар өзгөчө өндүрүшкө алынып, сотко чейинки өндүрүш уланууда, — деп айтылат ИИМ маалымат кызматы бүгүн тараткан билдирүүдө.

1 пикир

1 пикир

  1. Кутман

    12.01.2020 05:41

    Жыгылган адамды кайра тепкилеген жамандаган биздин айкол кыргыздын мунозуно туура келбейт, куноосу болсо закон алдында так жооп берсин, куноосу жок болсо акталып чыксын деп жеке пикирим

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM