Биз менен байланышыңыз

Саймаитиге байланышкан жагдайларды иликтеген депкомиссиянын иш мөөнөтү узартылат

Кыска кабар | 19 Дек 2019 | 782 | 0

Стамбулда өлтүрүлгөн кытай ишкери Айеркен Саймаитинин айланасында болгон окуяларды иликтөө үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтү узартылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мындай чечим аталган комиссиянын башчысы Талант Мамытовдун  Парламенттин бүгүнкү отурумундагы өтүнүчүнөн кийин кабыл алынды.

Саймаитинин айланасындагы жагдайларды иликтөө боюнча депутаттык комиссия ишин улантып жатат. 21-ноябрда бир айлык мөөнөткө түзүлгөн. Тиешелүү министрликтер менен ведомстволорго жиберилген каттарга жооптор эми келип жатат. Ошондуктан, ишти аягына чыгаруу үчүн комиссиянын ишинин мөөнөтүн дагы эки айга узартып берүүңүздөрдү суранабыз, — деди Талант Мамытов.

Эске салсак, депутаттык комиссиянын курамында төмөнкү фракциялардан депутаттар бар: Өмүрбек Бакиров, Сайдолимжон Жураев, Аалы Карашев, Абтандил Кулбараков (КСДП), Мирлан Жеенчороев, Талант Мамытов, Закир Шарапов (Республика — Ата Журт), Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешов (Кыргызстан), Жаныбек Бакчиев (Бир Бол), Тынчтык Шайназаров (Өнүгүү-Прогресс), Алмамбет Шыкмаматов (Ата Мекен).

Ушул жылдын 10-ноябрында Стамбул шаарында кытай ишкери Айеркен Саймаити атылып өлтүрүлгөн. Ал “Азаттык” жана “Клооп” медиаларынын Кыргызстандан миллиондогон долларлардын мыйзамсыз чыгарылганы тууралуу иликтөөсүндө маанилүү каармандардын бири болгон.

Copyright © 2017 Maral FM