Биз менен байланышыңыз

Кызыл-Кыяда адам өлтүрүүгө шектүүнү милиция ыкчам колго түшүрдү

Кыска кабар | 27 Фев 2020 | 516 | 0

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында 5 күн мурда болгон адам өлтүрүү кылмышына шектүү колго түштү. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 22-февраль күнү Кызыл-Кыя шаарынын “Достук” аллеясында жашы 35-40 чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Бул факты шаардык ички иштер бөлүмүндө (ШИИБ) Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Кызыл-Кыя ШИИБнин криминалдык милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында каза болгон жаран Кызыл-Кыя шаарынын 52 жаштагы Х.А. аттуу тургуну экени аныкталган. Соттук-медициналык экспертизалар анын көкүрөгүнө бир жолу бычак урулганын аныктаган.

Бул кылмышка 29 жаштагы М.У. аттуу жаран шектелип, ал өзү жашаган турак үйүндө жашырынып жаткан жеринен аныкталып, колго түшүрүлгөн. Шектүү учурда убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM