Биз менен байланышыңыз

Франция: Экология министри кымбатка турган жолугушууларды уюштурганы үчүн кызматтан кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 585 | 0

Mediapart басылмасында жарыяланган кымбат банкеттерди уюштурду деген макаладан соң, Франциянын экология министри Франсуа де Рюжи кызматтан кетти. Бул тууралуу «Борбордук Азия жаңылыктар кызматы» жазды.

Ал кызматтан кетүү арызын жазып жатып, «медианын сотсуз жазалоосуна» кабылганын айткан.

Mediapart басылмасы жазган макалага ылайык, Де Рюжи салык төлөөчүлөрдүн акчасын кыянаттык менен пайдаланган. Ал меймандар үчүн кымбат банкеттерди уюштурганы айтылууда. Дасторконго коюлган айрым шараптардын бир бөтөлкөсүнүн баасы 500 еврого чейин жеткен. Ошондой эле, меймандарды деңиз жандыктарынын (омар) түрлөрү менен сыйлаган. Бул экологиялык активисттердин кыжырын өзгөчө келтирүүдө. Алар сейрек кездешүүчү мындай деңиз жандыктарын тамагына колдонгон адам Экология министри кызматына татыктуу эместигин айтып чыгышкан.

Де Рюжи Mediapart басылмасы жөнсүз чабуул жасап, далилсиз, апыртылган маалыматтарды чыгарып жатканын айтууда.

Ал эми Mediapart жарыяланган маалыматтар коомдук мааниге ээ экенин жана саясатчылардын кирешелери, ишмердүүлүгү коом тарабынан көзөмөлдөнүшү керектигин билдирүүдө.

Кошумчалай кетсек, Франсуа де Рюжинин ордуна Транспорт иштери боюнча министри Элизабет Борн Экология мнистри болуп дайындалды.

Copyright © 2017 Maral FM