Биз менен байланышыңыз

Баткен менен Фергана облустарынын башчылары жолугушту

Кыска кабар | 12 Мар 2020 | 647 | 0

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев бүгүн, 12-мартта Баткен шаарында жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Облус башчылары эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулап, эки элдин карым-катнашын, облустар аралык социалдык-экономикалык, маданий байланыштарды чыңдоо, аймактардын коомдук коопсуздугун камсыздоо жаатында учурда иштелип жаткан Баткен-Фергана облустарынын алдыдагы жылдарга иш-чаралар планына кол коюу, бекитүүгө жетишүүнү макулдашышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов:

Биз үчүн кошуна мамлекеттер менен карым-катнаш, кызматташтык өзгөчө мааниге ээ, ошондуктан буга чейин Тажикстандын Согди облусу менен кызматташуу боюнча иш-чаралардын планын бекитүүгө жетиштик, алдыда Фергана облусу менен да бир пикир, бир максат менен пландуу жумуштарды аткарабыз, — деди.

Облус башчылары менен кошо Баткен-Фергана облустарынын чек аралаш райондорунун башчылары, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да жолукту.

Copyright © 2017 Maral FM