Биз менен байланышыңыз

Баткен облусундагы ири базарлар жабылат

Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 502 | 0

Коронавирус оорусуна байланыштуу Баткен шаарындагы борбордук базар, Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Самаркандек айылындагы Самаркандек базары, Баткен районунун Кара-Бак айылындагы Кара-Бак базары, Кадамжай районундагы Халмион базарлары сыяктуу облустун аймагындагы район, шаарлардагы ири базарлар жабылат. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

Бул боюнча Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов бүгүн, 18-мартта калктын коопсуздугу, саламаттыгы үчүн жер-жерлердеги ири азык-түлүк, кийим-кече жана мал базарларын, унаа базарларын жабуу боюнча жергиликтүү бийлик органдарына тапшырмаларды берди.

Эскерте кетсек, күнүмдүк соода түйүндөрү, кичи базарлар иштей берет.

Учурда Баткен районунан 7 адам, Кадамжай районунан 1 адам ооруканада карантинде. Алардан коронавирус оорусуна карата анализдер алынды. 8 жарандын тең учурда абалдары жакшы, коронавирус оорусунун белгилери жок. Алар Сауд Аравия мамлекетинен  оору жуктургандар менен бир авиакаттамда Кыргызстанга учуп келишкени маалым болду.

Copyright © 2017 Maral FM