Биз менен байланышыңыз

Лейлек районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Кыска кабар | 3 мая 2020 | 759 | 0

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Лейлек районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов Лейлек районунунда селден улам түзүлгөн кырдаал менен жеринде таанышып, сел кесепеттерин жоюу, калыбына келтирүү боюнча чукул жыйын өткөрдү.

Ыйгарым укуктуу өкүл жыйында жарандык коргонуу кызматтарына тез арада жолдорду, турак үйлөрдү, инфраструктураны калыбына келтирүү, селден жабыркагандарга зарыл болгон жардамдарды көрсөтүү, чыгымдарды тактоо боюнча тапшырмаларды берди.

Азыркы учурда кырсыктын келтирген зыяндарын тактоо, жолдорду тазалоо иштери жүрүп жатат.

2-майда мөндүр аралаш катуу жаандын натыйжасында Лейлек районунун Исфана шаарында, Тогуз-Булак, Сумбула айыл аймактарында катуу сел жүрүп, азыркы маалыматтар боюнча 10 турак үйгө, 16 турак үйдүн короолоруна сел кирген.

Табигый кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген учурлар катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM