Биз менен байланышыңыз

Баткен: Башка аймактардан келген жарандар обсервацияга алынууда

Кыска кабар | 2 Апр 2020 | 1622 | 0

Акыркы учурда Кыргызстандын өзгөчө абал кирген Бишкек, Ош шаарынан Баткен облусуна келген жарандардын саны кескин түрдө өсүүдө.  Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган жарандар негизинен Бишкек, Ош шаарларында эмгектенип жүргөн Баткен облусунун тургундары болууда.

Ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов санитардык карантиндик көзөмөл постторун ишин күчтөндүрүү, облуска кирген облустун ар бир тургунун дыкат текшерүүгө алуу жана обсервацияга жайгаштыруу, тез арада район шаарларда обсервацияга орундарды көбөйтүү тапшырмасын койду.

Ошондой эле карантиндин талаптарына баш ийбей, негизсиз көчөдө жүргөн жарандарга катуу чараларды көрүүнү тапшырды.

31-мартта Баткен облусуна кирген 146 жаран обсервацияга алынды.

Учурда аймакта дезинфекция жумуштары тынымсыз жүрүүдө. Ал эми жер жерлерде үй карантинине алынган жарандар катуу көзөмөлгө алынууда.

Copyright © 2017 Maral FM