Биз менен байланышыңыз

Боронов: Солтон-Сары кенин казган компаниянын ишинде бир катар эреже бузуулар бар

Кыска кабар | 25 Июл 2019 | 437 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жумуш сапары менен Нарын облусунун Солтон-Сары жайлоосундагы кенге барды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кубатбек Боронов алгач «Jhong ji Mining» кытай компаниясы иш жүргүзүп жаткан объекттерди жана карьерлерди көрүп чыкты. Андан соң жергиликтүү тургундар менен жолугуп, буларды маалымдады:

— Компаниянын ишинде бир катар эреже бузуулар бар, алар боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар иш алып барышууда, бардыгын оңдоо талабы менен эскертүүлөрдү берип жатышат. Компания ишин өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүргүзөт. Муну биз көзөмөлгө алабыз.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Калысбек Жумаканов билдиргендей, жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында Солтон-Сарыдагы малдын 66 %ы өпкө, боор жана ичегинин мите ооруларынан кырылганы аныкталган. Буга себеп малды алдын ала эмдөө иштери толук кандуу жүргүзүлгөн эмес. Тийиштүү вакцинация жасалбаса, мал дагы кырылат. Ошондой эле, ал экспертиза «Jhong ji Mining» кытай компаниясынын ишине байланыштуу эч кандай зыяндуу заттардын жоктугун көрсөткөнүн кошумчалады.

Айрым жашоочулар кечээ жакында малдын кырылышын компаниянын ишмердүүлүгүнө байланыштырып жатышкан.

Вице-премьер-министр тийиштүү мекемелердин текшерүүлөрүнүн жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди четтетүүгө мониторинг жүргүзүү боюнча жарандык топ түзүүнү тапшырды.

Анын курамына тиешелүү ченемдерди кармануу үчүн Миң-Булак, Эмгекчил айыл аймактарынын 2 тургуну жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү кирмекчи.

Copyright © 2017 Maral FM