Биз менен байланышыңыз

Порошенконун бир күн мурун сурак берүү өтүнүчү орундалган жок

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июл 2019 | 613 | 0

25-июлга суракка чакырылган Ураинанын мурунку президенти Пётр Порошенко 24-июлда тергөө бөлүмүнө келип, бир күн мурда суракка алышын өтүнгөн. Бул тууралуу Украинанын тергөө бюросунун башчысы Роман Трубан жергиликтүү басылмаларга билдирген.

Порошенко бул ишин узак мөөнөттүү эс алууга кетип жатканы менен түшүндүргөн. Бирок, тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери аны 25-июлда гана кабыл аларын айтып, өтүнүчүн четке каккан.

Порошенконун тергөө бөлүмүнө белгиленген мөөнөтүнөн эрте келиши, анын журналисттерди жана жарандык коомдун оюн буруу аракети экенин айтат саясат таануучу Иван Мезюхо.

Кошумчалай кетсек, Порошенконун тиешеси бар делген 11 кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM